"Сириядагы кырдаал". Эрдоган АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкенди кабыл алды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөгө иш сапары менен келген АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкенди кабыл алды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди.

Саясатчылардын жолугушуусу Анкарадагы Эсенбога аэропортунда өттү. Жыйынга тышкы иштер министри Хакан Фидан, президенттик администрациянын коммуникациялар боюнча директору Фахреттин Алтун, президенттик аппараттын жетекчиси жана элчи Хасан Доган жана президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч да катышты.

Эрдоган менен Блинкен Сириянын президенти Башар Асаддын кулатылышынын кесепеттерин талкуулашары айтылды. Жыйын журналисттер үчүн жабык өттү. Сүйлөшүүнүн чоо-жайы тактала элек.

Буга чейин Блинкен АКШ Сириядагы бардык жамааттарды бирдиктүү өлкөгө бириктирүүгө кызыкдар экенин айткан. Ал Сирияда бардыгын камтыган жана бириктире турган саясий өткөөл болот деген үмүтүн билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан