Орусияда унаа жолдо кичи автобус менен 20 метрлик яхта кагылышты (видео)

Кечээ, 12-декабрда кечинде Кимры районунда адаттан тыш кырсык болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, баасы 30 миллион рубль турган яхтаны трактор менен тартып келе жатышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өлкөнүн яхта клубунун алдындагы бурулушка батпай, жолдун бир бөлүгүн тосуп калган.

Жарык болуп турганда унаанын айдоочулары кемени көрүп, аны айланып өтүшкөн. Бирок кийин караңгы кирип, эч ким идентификациялык белгилерди орнотпой, кичи автобус яхтанын куйругун сүзгөн.

Бузулган яхта дарыя-деңиз классына кирет жана ага 10дон 14кө чейин адам батат.

13.12.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан