Америкалык бизнесмен жана миллиардер Илон Маск өзүнүн SpaceX аэрокосмостук компаниясынын штаб-квартирасын Техастагы Starbase жаңы шаарына көчүрөрүн жарыялады. Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
"SpaceX'тин штаб-квартирасы эми расмий түрдө Техас штатындагы Starbase шаарында болот", - деди ал.
Маск SpaceX компаниясынын жергиликтүү судьяга жөнөткөн катынын текстин кайра жайгаштырды. Билдирүүдө Starbase космостук учуруу аянтына шаар статусун берүү үчүн шайлоо суралат. Базада компаниянын жүздөгөн кызматкерлери жашаары белгиленген.