Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келерки айда АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясына катышуу үчүн Вашингтонго барбайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытайдын төрагасынын ордуна иш-чарага Кытайдын АКШдагы элчиси, балким, башка кытайлык расмий адамдар да катышары күтүлүүдө.
11-декабрда CBS телеканалы булактарына таянып, Трамп Си Цзиньпинди инаугурацияга чакырганын кабарлаган. Муну кийинчерээк Республикачылардын шайлоо штабынын өкүлү Кэролайн Ливитт да тастыктаган. Ал Кытайдын төрагасы чакырууну кабыл алдыбы же жокпу, тактаган эмес.
Дональд Трамптын инаугурациясы 2025-жылдын 20-январында өтөт.