Кыргыз суучулу Денис Петрашов Дүйнө чемпиондугунда тарых жаратты

Кыргыз суучулу Денис Петрашов Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпиондугунда медалга бир кадам жетпей, төртүнчү орунду ээледи.

Алдын ала 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө биздин суучул 56:65 секундда марага келип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда ушул эле аралыкты 56:52 секундда сүзүп өтүп, финалга чыккан.

Финалда Денис Петрашов мындан дагы мыкты жыйынтык көрсөтүп, 100 метрди 55:91 секундда сүзүп өттү. Тилекке каршы, бул көрсөткүчтө ал төртүнчү орунду камсыздады.

Муну менен Денис Петрашов Кыргызстандын тарыхында сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына чыккан алгачкы спортчу болду.

100 метрге брасс стилинде сууда сүзүүдө кытайлык Цин Хайянг алтын байге алды. Ал бул аралыкты 55:47 секундда сүзүп өтүп, жаңы дүйнөлүк рекордду жаңылады.

Экинчи орунду орусиялык Кирилл Пригода (55:49) ээлсе, коло байгени беларустук Илья Шиманович (55:60) алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан