Зордуктоого шектелип жаткан футболчу Килиан Мбаппеге коюлган айып жокко чыкты 

Швециянын прокуратурасы зордуктоого шектелип жаткан белгилүү футболчу Килиан Мбаппеге карата тергөөнү жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, тергөөчүлөр "Реал Мадриддин" чабуулчусуна козголгон иште жетиштүү далилдер табылбагандыктан, андан ары улантууга негиз жоктугун билдиришкен. Ошону менен катар доогер дагы эми тергөөгө катышууну каалабай турганын айткан.

Ал эми футболчу буга чейин андай кылмышка барбаганын айтып, социалдык тармакта билдирүү жасаган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын октябрь айында ооруканага жардам сурап бир кыз кайрылып, ал Килиан Мбаппе тарабынан зордукталганын айтып, полицияга арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан