2023-жылдын октябрынан бери Палестина менен Израилдин чатагынан Газа тилкесинде 1057 дарыгер каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар сектордун саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып жазууда.
Министрлик эл аралык укук коргоо уюмдарын палестиналык дарыгерлердин коопсуздугунун корголушун камсыз кылууга чакырган.
"Биз дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү дарыгерлерди Газа тилкесинде геноцидге дуушар болуп жаткан медицина кызматкерлерине тилектештик көрсөтүүгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 7-октябрында Газа тилкесинен палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери Израилдин аймагына кирип барып, чек арадагы конуштардын тургундарын өлтүрүп, барымтага алгандан кийин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кескин курчуп кеткен. Буга жооп кылып Израил Газада ХАМАСтын аскердик жана саясий түзүлүшүн жок кылуу жана барымтадагы жарандарын бошотуу максатында аскердик операция баштаган. Андан бери Газа тилкесинде курмандыктардын саны 44 миң 211 адамга жеткени айтылууда. Дагы 104 миң 567 адам жарадар болгон.