Америкалык белгилүү ырчы, актриса жана Disney жылдызы Селена Гомес сүйүктүүсүн ачыктап, турмушка чыга турганын билдирди. Бул тууралуу ырчы айым Инстаграм баракчасында сүрөт жүктөп бөлүштү.
"Түбөлүктүүлүк эми башталды", - деп билдирүү калтырган ал.
Белгилүү болгондой, Селена Гомес музыкалык продюсер жана композитор Бенни Бланкого турмушка чыгат. Алардын сүйүү мамилеси 2023-жылдын жайында башталган. Башында түгөйлөр мамилесин жашырууга аракет кылышкан.
Ал эми Селена маектеринин биринде мындан ары жеке жашоосун көбүрөөк көрсөтө баштай турганын билдирип, учурда мамиле куруп жатканын айтып өткөн.
"Бул менде болгон эң коопсуз жана гармониялуу мамиле болуп жатат. Мен аны менен келечекти көрө алам", - деген ал.
Учурда социалдык тармактар аркылуу күйөрмандары эки жашка бакыт тилеп жатышат.