Ошто 25 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Баңгизат менен алектенүүгө шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну шектүү делип кармалган. Ош шаардык соту аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Шектүүнүн жанынан өзгөчө жыты бар зат салынган 12 даана кутуча табылган. Дайындалган экспертиза алынган зат гашиш баңгизаты экендигин аныктаган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан