Ошто "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөсү милиция менен болгон сүйлөшүүдөн кийин уюмдан баш тартты (видео)

Кара-Суу районунун тургуну "Хизб ут-Тахрир" (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмдан баш тартты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалымдагандай, милиция кызматкерлери экстремизмди алдын алуу иш-чарасынын алкагында Савай айыл аймагынын 72 жаштагы тургуну менен маектешүү өткөрүшкөн. Анда ал өлкө аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун катарынан өз каалосу менен чыккандыгын билдирген.

Аталган жаран агым туура эмес багытта экендигин түшүнгөнүн айтып, башкаларды дагы экстремисттик агымдардын курмандыгы болуп калуудан этият болууга чакырган.

Учурда Кара-Суу районунда аталган 2 айлык иш-чара уланууда.

13.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан