
Өлкө боюнча миңден ашык бала бакчага видео байкоо орнотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 1871 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын ичинен 1186 бала бакчага, тактап айтканда, 64 пайыз видео байкоо орнотулду.
Анын ичинен Баткен облусунда 81 бала бакчада, Ош облусунда – 369, Ош шаарында – 51, Жалал-Абад облусунда – 230, Чүй облусунда – 79, Бишкек шаарында – 115, Ысык-Көл облусунда – 87, Нарын облусунда – 121, Талас облусунда – 53 бала бакчада видео көзөмөл коюлду. Калган 685 бала бакчага да видео байкоо тез арада орнотуу пландалып жатканы маалым болду.
"Министрлик жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылып, бала бакчаларда коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында видео көзөмөл орнотууну сунуштады", - деп жазылат маалыматта.