14-15-декабрь күндөрү өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен "Мурас" салттуу достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Мелдешке катышуучу командалар: "Президенттин командасы", "Жогорку Кеңеш", "Көзөмөл", "Аймактар, "Ден соолук", "Коопсуздук", "Фемида", "Спорт чеберлери", "Журналистер, "Өнөр", "Билим", "Достук", "Динамо", "Ыйман", "Банктар жана бизнес" жана "Ноокат".
Белгилей кетсек, мелдешке өлкө башчы Садыр Жапаров да катышат. Аталган турнир жетинчи жолу ойнотулууда.
"Бул ирет өтүүчү турнирдин башкы өзгөчөлүгү – буга чейин республикалык масштабда ойнотулган "Мурас-Аймак" мелдешинин жеңүүчүсү Оштун "Ноокат" командасы "Мурас" негизги турнирине жолдому алып, кошулду", - деп айтылат маалыматта.
Турнир Бишкек шаарынын Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын спорткомплексинде жана "Газпром" дене тарбия жана ден соолук чыңдоочу комплексинде орун алат. Мелдештин оюндарын УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып берет.
Бардык каалоочулар аталган мелдештин оюндарына жандуу күбө боло алышат.