Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү деп белгиленгенин билдирди.
Ал тийиштүү резолюцияны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алганын белгиледи.
"Муну менен Бириккен Улуттар Уюму президент Садыр Жапаровдун Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө демилгесин колдоп берди. Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы кайталангыс табиятты сактоо боюнча аракеттеринин глобалдык маанисин ачыктап турат. Мындан ары бийик тоолуу экосистеманын символу болгон ак илбирс эл аралык күн катары белгиленет.
Ак кар, көк муздуу асман тиреген тоолорубузду байырлаган ак илбирс баштаган ажайып кооз жаратылышыбыздын баркына жетели, бапестеп сактайлы, урматтуу замандаштар!" - деп жазды ал.
Эске салсак, 2013-жылы 12 өлкө – Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан – ак илбирстин популяциясын сактоого милдеттенишип, Бишкек декларациясына кол коюшкан. Аталган өлкөлөр 23-октябрды Ак илбирстин эл аралык күнү деп белгилөөнү чечишкен.