2024-жылдын жыйынтыгы менен балбан Айпери Медет кызы UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээледи. Бул тууралуу UWWнин Инстаграм баракчасына жарыяланды.
Ал 4 турнирге катышып, алардын үчөөндө Азия чемпиондугу, "Zagreb Open" жана "Yasar Dogu" рейтингдик турнирде жеңишке жетише алган. Ошондой эле Парижде өткөн Олимпиадада балбан кыз жарым финалдык баскычка чейин жетип, 5-орунду ээлеген болчу.
Айпери Медет кызы өз салмак категориясында 46 миң упайы менен UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты.
Белгилей кетсек, быйылкы Олимпиаданын финалисти, АКШлык Алексис Кеннеди Блейдс кыргыз балбанынан 800 упайга артта. Ал эми 3-орунда япониялык Юка Кагами турат. Анын эсебинде 43 миң упай бар.
Ал эми балбан Айсулуу Тыныбекова өз салмак категориясы боюнча (62 килограммга чейин) 3-орунда, Мээрим Жуманазарова (68 килограммга чейин) 5-орунда турат.