Жергиликтүү коомчулук Одесса, Ивано-Франковск, ошондой эле Киев, Тернополь жана Хмельницкий облустарында көптөгөн жардыруулар болгонун билдиришүүдө. Бул тууралуу украин басылмалары жазышууда.
Украин басылмаларынын маалыматы боюнча, массалык соккунун бутасы түрдүү инфраструктура жана энергетикалык объектилер болгон. Көптөгөн шаарларда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатат. Киевде поезддер, метро станциялары токтоду. Одессада электр транспорту иштебейт, суу да жок.
Буга байланыштуу Украинанын бардык аймактарында айгай жарыяланган.