Бишкекте дайынсыз жоголгон Чернышевдин сөөгү табылды

Бишкекте дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 28 жаштагы Илья Чернышевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен тастыктады.

Маалыматка ылайык, ал 5-декабрда 6-кичи районунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Милиция издөө иштерин жүргүзүп, кечээ, 12-декабрда Бакай-Ата конушунда курулуп жаткан үйлөрдүн биринен анын жансыз денесин табышкан. Маркумдун денесинен кыйноо белгилери табылган эмес.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан