Конференц Лигасынын конокторунун жеңиши менен аяктаган (3:1) "Астана" менен "Челси" беттешинен кийин Алматынын борбордук стадионунун менеджери Бауыржан Жумажанов стадиондун оюнга даярдыгы начар болгондугуна байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Prosports.kz сайты социалдык тармактарга шилтеме кылып билдирди.
"Астана" - "Челси" беттешинде уят иш болду. Күйөрмандарды кар баскан жана сынган отургучтар таң калтырды. Бирок алар билеттерди 30-40 миң теңгеден сатышкан", - деп айтылат билдирүүдө.