Кытайдын футбол боюнча курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Ли Те коррупцияга айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, өкүмдү бүгүн, 13-декабрда Хубэй провинциясынын Сияньнин шаарынын орто элдик соту чыгарган.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, ал 2019-жылдан 2021-жылга чейин кызмат абалынан пайдаланып, жалпы суммасы 50,89 миллион юандан (7 миллион долларга жакын) ашык пара алган. Ошондой эле Ли Те башкы машыктыруучу кызматына ээ болуу үчүн тиешелүү адамдарга акча берип, коррупциялык схемаларга барган.