12-декабрдан 13-декабрга караган түндөн бери Сырым автокөзөмөлүндө Орусияны көздөй 450-500гө жакын жүк ташуучу унаалар топтолуп калган. Бул тууралуу "Казинформ" Казакстандын Мамлекеттик киреше комитетине шилтеме берүү менен жазган.
Басылманын маалыматына караганда, мындай жагдай аба ырайынын начарлашынан улам пайда болгон. 12-декабрдан тартып Орусиянын Батыш-Казакстан облусунун жана Самара облусунун аймагында кар калың жаап, кар көчкү жүрүүдө.
Орусиядагы федералдык автожолдордо кыймыл убактылуу чектелген жана Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, чектөөлөр болжол менен 13-декабрь саат 22:00гө чейин күчүндө болот.
Буга байланыштуу жүк ташуучу унаалар каттам боюнча жүрө албай, аба ырайынын жакшырышын күтүп жатышат.