Кипрдин Medier компаниясы бокс боюнча дүйнөнүн оор салмактагы мурдагы чемпиону, америкалык мушкер Майк Тайсонду сотко берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Майк Тайсон Кипрдик компаниянын Rabona кумар оюнун илгерилетүү боюнча түзүлгөн келишимди бузган. Кабарларга караганда, Темир Майк мартта Жейк Пол менен беттеше турганы жарыяланганда келишимди токтоткон. Ошондуктан компания Тайсонду сотко берип, 1 жарым миллион доллар компенсация талап кылган.
Майк Тайсондун тарапташтары бул жагдай боюнча комментарий бере элек. Доо Лондон сотуна октябрда берилген.