Шерзат Болаттын трагедиялуу өлүмү: Казак акими жарандарын сабырдуулукка чакырды

Коңшу Казакстандын Алматы облусунун акими Марат Султангазиев брифингде сүйлөп жатып, Талгарда өлтүрүлгөн Шерзат Болаттын окуясы боюнча комментарий берди.

Ал маркумдун жакындарына көңүл айтып, Казакстандын жарандарын сабырдуу болууга жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырды. Султангазиев кырдаал көзөмөлдө экенин, укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

"Буга байланыштуу коомчулукка кайрылат элем: сабырдуу болуңуздар, күч органдары тараткан маалыматка гана көңүл буруп, ишениңиздер. Алар азыр массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат берип, өз иштерин ачык жүргүзүп жатышат", - деди ал.

Эске сала кетсек, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.

10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Андан кийин ал кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан