Акылбек Жапаров ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынында бир катар сунуштарды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарында өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар сунуштарды берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, ал өз сөзүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстанда да экономикалык өнүгүүнүн жакшы темптери сакталып жатканын, бул экономикалык реформалардын, ички өндүрүштүн кеңейиши, экспорттун жана инвестициялардын өсүшү менен шартталганын белгиледи.

Акылбек Жапаровдун ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынында берген сунуштары:

  • Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр экономиканы жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жасалма интеллектти активдүү ишке киргизүүнү биргелешип баштоосу керек;
  • ЕАЭБ өлкөлөрү илимий-техникалык өнүгүүгө салым кошуп, өндүрүштү модернизациялап, натыйжалуулугун жогорулатышы керек;
  • Калктын саламаттыгы, климаттын өзгөрүшү жана тамак-аш тартыштыгы өңдүү көйгөйлөрдү чечкен биотехнологияларды өнүктүрүү зарыл;
  • Экономикада жогорку технологиялык өндүрүштөрдү өнүктүрүү шартында ЕАЭБ мейкиндигинде жаңы компетенцияларды жана көндүмдөрдү өнүктүрүү маанилүү;
  • Соода агымын көбөйтүү жана жумушчулардын акча которууларын жеңилдетүү үчүн биометрика жана санарип технологияларды колдонуу;
  • Кытай менен Индия рынокторуна товар экспорту маселесин комплекстүү кароо. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жаңы рынокторго чыгаруучу механизмдерди иштеп чыгуу зарыл, мында биринчи кезекте транс чек аралык электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылышы керек;
  • Эмгек рыногундагы глобалдуу чакырыктарга жооп бере турган чечимдерди даярдап ишке ашырууга басым жасоо кажет.

Ал белгисиздиктин жана тез өзгөрүп жаткан иш чөйрөсүнүн шарттарында ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн жогоруда айтылган жана башка глобалдык чакырыктарды чечүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарылдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан