ИИМге адамдын өздүгүн аныктоого каралган техникалык каражаттар берилди

Бүгүн, 13-декабрда ИИМдин Эксперттик криминалистикалык кызматына адамдын өздүгүн аныктоого каралган техникалык каражаттар берилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, техникалык каражаттар Борбордук Азиядагы БОМКА-10 чек араларды башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын алкагында берилди.

"Мындай адамдардын өздүгүн аныктоо үчүн заманбап сканерлерди колдонуу манжа издерин жана алакандарды алуунун эскирген ыкмаларынан акырындык менен баш тартууга, ошондой эле жыл сайын чыгымдалуучу материалдарды сатып алуунун жылдык чыгымдарын кыскартат. Бул өз кезегинде маалыматтарды иштеп чыгууну тездетет жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан