Бишкекте бүгүн, 14-декабрда өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалардын катышуусунда "Мурас" салттуу достук мелдеши башталды. Ага президент Садыр Жапаров дагы катышууда.
Мелдеште "Президенттин командасы", "Жогорку Кеңеш", "Көзөмөл", "Аймактар, "Ден соолук", "Коопсуздук", "Фемида", "Спорт чеберлери", "Журналисттер", "Өнөр", "Билим", "Достук", "Динамо", "Ыйман", "Банктар жана бизнес" жана "Ноокат" командалары ат салышат.
Азыркы учурда оюн талаасында "Президенттин командасы" менен ""Журналисттер" командалары оюн көрсөтүүдө.
Турнир Бишкектеги Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын спорткомплексинде жана "Газпром" дене тарбия жана ден соолук чыңдоочу комплексинде өтүп жатат.