Кыргыздын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова сыйлык алды

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаиловага Кореянын Импортчулар ассоциациясынын (KOIMA) сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, элчиге сыйлыкты 10-декабрда Импортчулар ассоциациясынын (KOIMA) 54 жылдык мааракесине арналган иш-чарада Ассоциациянын төрагасы Ким Бён Кван тапшырган.

Элчиге сыйлык Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн берилген.

Белгилей кетсек, ушул жылдын октябрь айында Кореянын Импортчулар ассоциациясынын төрагасы Ким Бён Квандын жетекчилиги астында Кыргызстанга корей импортчуларынын иш сапары уюштурулду. Бул сапардын алкагында «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен биргеликте бизнес-форум өткөрүлүп, корей-кыргыз экспортчуларынын ортосунда В2В жолугушуулары уюштурулду.

"Мындан тышкары 2-декабрда президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында «Кыргыз Экспорт» борбору менен Кореянын Импортчулар Ассоциациясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул документ экспорт жана импорт чөйрөсүндөгү өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүү үчүн негиз түзөт" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан