Эртең, 15-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул туурасында Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 ... +2, күндүз -3 ... +2,
Таласта түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +2 ... +7,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0 ... -2, күндүз +8 ... +10,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +6 ... +8,
Нарын облусунда түнкүсүн -13 ... -15, күндүз 0 ... +2,
Бишкек шаарында күндүзү кар жаайт. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 ... -2, күндүз +6 ... +8 градус болот.