Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте башталган футбол боюнча «Мурас» салттуу достук мелдеши президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.
Анда «Президенттин командасы» курамы «Журналисттер», «Көзөмөл» жана «Аймактар» командаларын утуп алды.
Эске сала кетсек, мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен турган президенттин командасынын курамында ойнойт.
Президенттин администрациясы билдиргендей, эртең, 15-декабрда чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.