Садыр Жапаров электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде өлкөдөгү энергетика тармагындагы абал боюнча маалымат берди.

Анда журналист "Учурда Кыргызстандын ар кыл аймактарында электр энергиясы кыска мөөнөттө өчүп жатканына даттанган жарандар көп болуп жатат. Ушундай маселе барбы? Ошондой эле электр энергиясынын тартыштыгы кооптондуруп жатабы?" деген суроо узаткан.

"Ооба, бизде электр энергиясынын дефицити азыркы учурда 3,9 миллиард кВт саат. 2020-жылы биз бийликке келгенде эле кышкысын 3 миллиард кВт. саат электр энергиясы тартыштык бар болчу. Бул эмнеден улам келип чыккан тартыштык? Анткени 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 МВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес.

Акыркы эки жылдан бери ГЭСтерди, шамалдан, күндөн алуучу энерго булактарын массалык түрдө салып жатабыз. Бирок ошентсек да ортодогу ажырымды кубалап жете албай жатабыз.

2020-жылдан бери бир канча социалдык, өндүрүштүк жана инфраструктуралык объектилер салынды.

2021-жылы курулган 109 объекттин 59у мектеп болгон.
2023-жылы – 210 объект курулган, анын 124ү мектеп.
2024-жылы 362 объект салынган, анын ичинен 190у мектеп.

Демек, электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Жогорудагы аталган объектилерден сырткары дагы көптөгөн чоң кубаттуулуктагы завод-фабрикалар ишке кирип жатат. Мисалы, Чүй облусунда быйыл ишке кирген “Терек Таш” цемент заводунун эле колдонуучу кубаттуулугу 30 МВт түздү" деп жооп берген өлкө башчы.

Ошондой эле президент өлкө өндүргөн электр энергиясынын колдонуу өлчөмү бир кыйла көп болгондуктан, кошуна өлкөлөрдөн импорттолуп жатканын билдирди.

"Мен айтып кеткендей өзүбүздө өндүргөн электр энергиясы колдонулуп жаткан электр энергиясынын өлчөмү бир кыйла көп болгондуктан биз кошуна өлкөлөрдөн импорт алып жатабыз.

Бирок азыр аларда дагы таңкыстык болуп жатат, суук катуулаган сайын биз алардан электр энергиясын алууну көбөйтүүнү сүйлөшүп жатабыз.

Бирок алардан бизге келген аба чубалгылар дагы өтө көп болуп жаткан жүктү көтөрө албай ысып, күйүп кетүү коркунучтары дагы болуп жатат. Колдонуу көбөйгөн жерлерде энергетиктер жөнгө салуучу иш чараларды жасап жатышат.

Андай иш чараларды жасабаса кымбат баада турган жабдыктардын күйүп кетүү коркунучу бар. Мисалы бир эле кубаттуулугу чоң болгон тарнсформатордун баасы 140 миллион сомдун тегерегинде турат.

Эми элестетсеңиз, ал трансформатор күйүп кетсе аны алмаштыруу үчүн биз ошончо көп акчаны биринчиден табышыбыз керек, эгерде акча табылган күндө дагы заводдон буйрутма берип чыгаруу үчүн 150 күндөн ашык болот экен. Андан тышкары, аны алып келип орнотуу үчүн 60 күндөн 80 күнгө чейинки убакытты талап кылынат экен.

Биз ал иш-чараны аткаргыча кыш бүтүп калат. Ошондуктан мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында бир сааттан эки саатка чейин которуштуруу иш-чараларын энергетиктер жасап жатышат. Ушуну элибиз туура түшүнүү менен кабыл алышын суранып кетет элем.

Ооба, бир-эки саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул иш-чара өтө көп узакка созулган өчүүлөрдөн сактап турат. Кымбат баалуу трансформаторлор күйүп кетсе, күндөп-түндөп созулган өчүрүүлөр болуп кетет" деген президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан