Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда 14-декабрда коомдук тартипти бузууга шектүү жарандар аныкталды.
Бишкек ШИИББи тараткан маалыматка ылайык, текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн жарандар райондук башкармалыкка жеткирилген. Жыйынтыгында тараптар арыз жазуудан баш тартышты.
Аталган маалымат Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү ишитери башталган.
Шектүүлөр Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126 (Майда бейбаштык) беренесине ылайык административдик камакка алынган. Соттун чечими чыкканга чейин алар райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.