Испаниялык миллиардер, Mango кийим дүкөндөр тармагынын негиздөөчүсү Исак Андик 71 жашында кырсыктан көз жумду. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмаларда жазылды.
Анда кабарлангандай, кырсык кечээ, 14-декабрда түштөн кийин Барселона провинциясынын Колбато муниципалитетинде болгон. Ишкер ал аймакта үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн.
"Ал Монцеррат монастырына бара жаткан жолдо жайгашкан Сальнитр үңкүрлөрүнүн жанындагы капчыгайга кулап, каза болгон" деп айтылат анда.
Андик Испаниядагы эң бай ишкерлердин бири болчу. Анын байлыгы болжол менен 4,5 миллиард еврону түзгөнү айтылды.