Грузияда тоо-лыжа курортундагы ресторандан 12 адамдын сөөгү табылды

Грузиянын полиция кызматы Гудауриде жайгашкан тоо-лыжа курортундагы ресторанда сөөгү табылган 12 адамдын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.

РИА новости басылмасы жазгандай, алардын 11и чет элдик, бири грузин жараны болгон. Алардын сөөгү индиялык ресторандын экинчи кабатындагы уктоочу бөлмөлөрдөн табылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгондордун баары ресторандын кызматкерлери болушу мүмкүн.

"Маркумдардын денелеринде зомбулук белгилери болгон эмес. Тергөө маалыматы боюнча, электр жарыгы өчкөндөн кийин бөлмөнүн жанындагы жабык бөлмөгө генератор иштетилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан