Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 18:46да Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 1-бөлүм, 19:55те 2-бөлүм тартылган.
Жеринде өрт өчүрүүчү-куткаруучулар менен кошо Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Д.Тайиралиев баштаган ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барууда.
Кошумча маалымат берилет.