Башар Асаддын канча байлыгы бар экени айтылды

Сириянын бийликтен кулатылган диктатору Башар Асаддын үй-бүлөсүнүн мүлкү 12 миллиард долларга чейин болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазып чыкты.

Басылма Асаддын үй-бүлөсү дүйнөдөгү эң ири мыйзамсыз каржы империяларынын бирине ээлик кыларын белгилейт.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2022-жылга карата эсептөөлөрүнө ылайык, Асаддар менен байланышкан ишканалардын жана активдердин баасы 12 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Акчанын олуттуу бөлүгү Дубай жана Орусия сыяктуу оффшордук аймактарга которулган, ал жактан аны кайтаруу кыйын болот.

Негизинен Асаддын үй-бүлөсү бул акчаны мамлекеттик монополиялар жана баңги аткезчилиги, атап айтканда, Каптагон аркылуу алышкан. Аны сатуудан түшкөн киреше болжол менен 2,4 миллиард долларды түздү. Андан кийин акча диктатордун үй-бүлөсүнө каршы санкциялар колдонулбаган юрисдикцияларга жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан