Түштүк Кореянын башкаруучу "Жарандык күч" партиясынын лидери Хан Дон Хун кызматтан кетти

Түштүк Кореянын башкаруучу "Жарандык күч" партиясынын лидери Хан Дон Хун кызматтан кеткенин Йонхап агенттиги билдирди.

"Жогорку аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отставкага кетишине байланыштуу партиянын башчысынын милдетин аткарууга мүмкүн эмес болуп калды. Ошондуктан мен төрагалыктан кетем", - деп билдирген саясатчы.

Ал импичменттин ордуна өлкө үчүн "эң жакшы чечимди" табуу үчүн "мүмкүн болгондун баарын" жасаганын, бирок ишке ашпай калганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Хан 23-июлдагы партиянын курултайында партиянын лидери болуп шайлангандан 146 күндөн кийин отставкага кетти.

Буга чейин Түштүк Кореянын парламенти президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. 204 адам колдоп, 85и каршы болгон.

Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль республикада аскердик абалды киргизген. Ал муну Түндүк Кореянын коммунисттик күчтөрүнүн коркунучунан өлкөнү коргоо менен байланыштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан