Илон Маск жана SpaceX Техас штатында шаар түзүшөт

Илон Масктын SpaceX компаниясы Кэмерон округунун бийликтеринен Starbaseди жаңы шаарга айландыруу боюнча добуш берүүнү суранды.

Мексика чек арасына жакын Бока Чика жээгинде жайгашкан Starbase, Starship ракеталары чогулуп, учурулган жер. Катында Starbase компаниясынын башкы директору Кэтрин Лудерс корпорация жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө жана кызматкерлердин санын көбөйтүүгө жардам берерин белгиледи.

Шаар түзүү идеясы 2021-жылы талкууланган, бирок бул расмий өтүнүч биринчи жолу берилген. Учурда бул жерде 3400дөн ашык кызматкер эмгектенет. Райондук бийлик өкүлдөрү өтүнүчтү карап чыгышат.

Долбоор жергиликтүү тургундар арасында карама-каршылыктарды жаратууда. Активисттер буга чейин SpaceX компаниясын экологиялык мыйзам бузуулар үчүн айыптап, сотко кайрылышкан. SpaceX көз карандысыз анализге таянып, айыптоолорду четке какты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан