Трамп АКШнын үстүндө учуп жүргөн сырдуу учкучсуз учактарды атып салууга чакырды

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жакында өлкөнүн ар кайсы аймактарында пайда болгон сырдуу учкучсуз учактарды атып түшүрүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

"Сырдуу учкучсуз учактар ​​бүт өлкө боюнча байкалды. Муну чындап эле биздин өкмөт билбейби? Андай деп ойлобойм! Коомчулукка дароо кабар бергиле! Болбосо атып салгыла!" - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Ал эми бийлик учкучсуз учактар ​​АКШга коркунуч туудурбайт деп ишендирүүдө. Бир айга жакын убакыттан бери өлкөдө сырдуу учкучсуз учактардын учуусу байкалууда. Алар тургундар арасында коркуу сезимин жаратып, учуучу объекттер чындыгында эмне экендиги жана алар дронбу же жокпу деген талаш-тартыштарды жаратууда.

Бир катар конгрессмендер пилотсуз учактарды учуруунун артында Кытай же Иран турат деп болжолдошууда. Бирок Пентагон менен Ак үй бул учактар чет элдик эмес деп ырасташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан