Түркия Сириядагы эң чоң түрмөгө куткаруу тобун жөнөтүүнү пландоодо

Түркиянын Табигый кырсыктарды башкаруу агенттиги (AFAD) 80 кишиден турган топту Сирияга издөө-куткаруу операциясын жүргүзүү үчүн жиберет. Бул тууралуу Tele1Tv телеканалы жазды.

Маалыматка караганда, куткаруу тобу "Седная" абагында камактан чыга албай калышы мүмкүн болгон адамдарды издөө иштерин жүргүзөт.

"AFAD куткаруу топтору заманбап техникаларды жана жабдууларды колдонуу менен тыкыр издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Сириянын борбору Дамаскта куралдуу оппозиция бийликке келгенден кийин миңдеген туткундар өлкө аймагындагы ар кайсы абактардан бошотулган. "Седная" – Дамасктын түндүк-чыгышында жайгашкан өлкөдөгү эң чоң жана атактуу түрмөлөрдүн бири. Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, 2011-жылдагы көтөрүлүштөн кийин ал абак Асад режиминин кыйноо борборуна айланган. 2011-жылдан 2015-жылга чейин бул жерде жума сайын 50гө жакын адам дарга асылып массалык түрдө өлтүрүлгөн. Эл аралык мунапыс уюму 2017-жылы түрмөдө болуп жаткан окуяларды адамзатка каршы кылмыш катары баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан