Эгерде тынчтык шарттары башкача болгондо, Сириянын Алеппо, Идлиб, Хама, Дамаск жана Ракка шаарлары Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Түркиянын курамындагы бирдей аталыштагы провинциялардын борборлору болуп калышы мүмкүн эле. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин Iletisim агенттиги жазып чыкты.
"Эгерде Биринчи дүйнөлүк согуш биздин аймактын чек арасын кайра аныктаса, шарттар башкача болгондо эмне болмок? Алеппо, Идлиб, Хама, Дамаск жана Ракка деп аталган шаарларыбыз Антеп, Хатай, Урфа сыяктуу облустарыбызга айланат болчу. Бул шаарлар биздин чек аранын сыртында болгондуктан, биз ал жерде жашаган эл менен болгон байланышыбызды толугу менен үзө албасак керек", - деди ал Сакарияда өзүнүн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын кезектеги 8-курултайында сүйлөп жатып.
Сириянын Алеппо, Идлиб жана Ракка шаарлары Түркиянын чек арасына жакын, Хама жана Дамаск өлкөнүн ички аймактарында жайгашкан. Түркиянын Газиантеп (мурдагы Антеп), Шанлыурфа (мурдагы Урфа) жана Хатай шаарлары Сирия чек арасына жакын жайгашкан.