Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу айылындагы "Тулпар моторс" автоунаа чогултуучу заводдо 6 айдын ичинде 400 автоунаа чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, жыл аягына чейин дагы 200 унаa өндүрүү күтүлүүдө. Ал эми 2025-жылда 3500дөн ашык жаңы моделдеги автоунааларды чыгаруу пландалган.
Жогорку Кеңештеги "Мекенчил" депутаттык тобу Москва районундагы көчмө жыйынынын алкагында аталган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек биргелешкен унаа заводун куруу келишими 2023-жылдын январь айында түзүлүп, завод 2024-жылы ишке берилген. Жалпысынан ишкана 2000 жумуш орундарын түзүп, автоунаанын 12 моделин чыгарары белгилүү болгон.