Түрк аткаминери Сириядагы окуяларга Анкаранын катыштыгы жок экендигин билдирди

Түркия Сириядагы Башар Асаддын режиминин кулашына алып келген куралдуу оппозициянын төңкөрүшүнө катышкан эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирди.

"Түркия мындай процесстин бир бөлүгү болгон эмес. ХТШ ("Хаят-Тахрир аш-Шам" тобу) жана башка оппозициялык топтордун операциясы башталгандан кийин биз козголоңдун кан төгүүсүз ишке ашышын камсыз кылуу үчүн катуу аракеттерди жасадык. Бирок биз ага чейин эч бир өлкө же топ менен бириккен эмеспиз. Мындай пландаштырууга катышкан эмеспиз", - деп жазат министрдин сөзүн ТАСС агентиги.

Ал ошондой эле Асаддын кетишин Изариль каалабаганын кошумчалаган. "Асад алар үчүн пайдалуу оюнчу болгон", - деп белгилеген.

Белгилей кетсек, Сириядагы бийлик алмашуудан кийин Reuters агенттиги Дамаскта бийликке келген козголоңчулар Түркияга жарым жыл мурун ири чабуул жасоо пландары тууралуу маалымдаганын жазып чыккан. Маалыматта расмий Анкаранын Сириянын качып кеткен президенти Башар Асад менен байланышын оңдоого жасаган кадамдары ийгиликсиз болгондон кийин козголоңчулар пландалган чабуул тууралуу Түркияга маалымат беришкени айтылат. Агенттиктин маалыматына караганда, куралдуу оппозиция Анкарага алдын ала кабар бербестен өз аракеттерин баштай алмак эмес.

Асадды бийликтен кулатууда Түркия колдогон кошуундар (алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат) "Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар менен бирге катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан