Президенттин администрациясында өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер каралды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында бүгүн, 16-декабрда азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө айрым продукцияларды өлкөгө импорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизүү, айрым мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн импорттоого чектөөлөрдү узартуу, айыл чарба жаныбарларын экспорттоого квота берүү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо зарылдыгына токтолгон Төрөбаев Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз азык-түлүккө ээ болушу үчүн тиешелүү бардык мамлекеттик органдар биргеликте активдүү иш алып баруусу керектигин белгиледи.

Ошондой эле жаңыдан түзүлгөн Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институтунун директору институт өлкөдөгү тамак-аштын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча илимий чечимдерди иштеп чыгуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөрүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан