Түркия Сирияда демократиялык жарандык өкмөттүн түзүлүшүн жактайт

Түркия Сирияда демократиялык жарандык өкмөттүн түзүлүшүн каалайт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Хакан Фидан Al Arabiya телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал Анкара Дамаскта жаңы бийликке келген топко жардам берерин белгилеген.

"Биз Сирияда демократиялык жарандык өкмөт курууга бел байладык. Биз Сириядагы жаңы өкмөт Башар Асаддын аракеттерин кайталашын каалабайбыз", - деген Фидан.

Ошондой эле министр Түркия Вашингтон менен Сириядагы жаңы бийликтердин ортосунда ортомчу болууга даяр экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан