Орусия Дамасктан Беларустун, Түндүк Кореянын жана Абхазиянын дипломаттарын алып чыгып кеткендигин айтты

Орусия Сириянын борбору Дамаск шаарынан дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн айрым кызматкерлери менен кошо Беларустун, Түндүк Кореянын жана Абхазиянын элчиликтеринин өкүлдөрүн чыгарып кетти. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

“15-декабрда Хмеймим авиабазасынан Орусиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы Дамасктагы Орусиянын чет элдик өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин бир бөлүгүн Чкаловский аэропортуна жеткирди. Беларустун, Түндүк Кореянын жана Абхазиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери да эвакуацияланды", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалымдалгандай, эвакуациялоо эмнеге байланыштуу болгонун Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тактаган эмес. Ошол эле учурда Дамасктагы орус элчилигинин иши уланып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан