Уюлдук телефондордо колдонулган Андроид (Android) аткаруу системи эми Хонда, Женерал Моторс, Ауди жана Хундай үлгүлөрүндөгү унааларга орнотулат. Бул
тууралуу "Google" компаниясы жарыялады.
Маалыматка таянсак, Андроид системине ээ болгон айдоочуларга
электрондук почтаны алууга, карталарды жүктөөгө
жана үн менен башкарууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мындан сырткары "Google" компаниясы дагы ар түрдүү керектүү
кызматтарды ойлоп чыгарууну пландоодо.
Учурда аталган компания унаа корпорациялары менен технологиялык альянс түздү. Андроид менен
иштеген унаалар ушул жылдан баштап чыгарыла баштайт.
Эскерте кетсек, Андроид оперативдик системинин биринчи версиясы 2008-жылы пайда болгон. Акыркы рейтингдерге
таянсак, ал дүйнө жүзүндөгү смартфондордун 80 пайызында колдонулат.