Египет Израилдин Голан бийиктиктериндеги конуштарды кеңейтүү боюнча планын айыптайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин тараткан билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Маалыматка карганда, Каир Тель-Авивдин жасаган аракеттери аймактагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууну каалабай жатканын көрсөтүп турат деп айыптаган. Ошондой эле министрлик Израилдин планы эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп саналарын эскерткен.
Буга чейин Израилдин өкмөтү Сирия аймагындагы Голан бийиктиктериндеги аймактарын кеңейтүү планын бекиткени маалым болгон. Анда жергиликтүү конуштарды бекемдөө жана аймактагы отурукташуучулардын санын эки эсеге көбөйтүү каралган. Голан бийиктиктери талаштуу аймак болуп эсептелет. Анын көпчүлүк бөлүгүн Тель-Авив көзөмөлдөп келсе, чыгыш тарабы Сириянын көзөмөлүндө болчу. Дамасктагы акыркы окуялардан улам Израил аймактагы күчтөрүн бекемдеп жатканы айтылууда.