"Кенже илимий кызматтан өкмөт башчыга чейин". Акылбек Жапаров саясатка качан келген?

Бүгүн, 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ал өкмөттү 2021-жылдын 13-октябрынан бери башкарып келди. Ал өлкө тарыхындагы эң узак мөөнөткө иштеген премьер-министрдин бири болуп калды.

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров 1964-жылдын 14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн.

Акылбек Жапаров үч жогорку билимдин ээси. 1986-жылы Фрунзе атындагы политехникалык институтунун автомобилдүү жолдор факультетин бүтүрүп, 2002-жылы Бишкек каржылык-экономикалык академиясынын уюмдар менеджменти факультетин аяктаган. Ошондой эле 2011-жылы Юридикалык академияда билим алып, юрист адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун өзү окуган Фрунзе атындагы политехникалык институтунун автомобилдүү жолдор кафедрасынын кенже илимий кызматчысынан баштаган. Ал эми 1992-жылы саясатка аралашып, алгач Президенттин жана Өкмөттүн аппаратынын жаштар саясатындагы маселелер боюнча бөлүмүн башкарган. Андан кийин Кыргызстандын социалдык-демократиялык партиясынын аппаратынын башчысын кызматын аткарып жүрүп, 1995-1996- жылдары Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы болгон.

Андан соң Жапаров Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы мамлекеттик салык инспектору, 2005-2007-жылдары экономика жана финансы министри, 2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министри, 2009-2010 – жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2011-жылы каржы министри болуп иштей баштаганына байланыштуу бир жыл Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мандатын тапшырган. Бирок кайра эле 2015-жылы эл өкүлү болуп шайланып келип, 2021-жылдын 1-июнунан тартып 12-октябрына чейин – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп иштеген.

Ал эми 2021-жылдын 13-октябрынан тартып – Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси болуп турду.

Акылбек Жапаров – экономика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти. Мамлекеттик кызматтын 2-даражадагы кеңешчиси. Рынок экономикасы шартында Кыргызстандын экономикалык өнү­гүү проблемалары жана экономиканы модерндештирүүгө арналган 50дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Акылбек Жапаров аялы Анара Жапарова менен үч баланы тарбиялап келет. Алардын Саадат жана Ажар аттуу эки кызы, Максат аттуу бир уулу бар. Мурунку өкмөт башчысы Жээнбековдор менен куда-сөөк. Анын уулу Асылбек Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан