Өзбекстандык спортчу дүйнөлүк рекордду жаңылады (видео)

Коңшу өзбекстандык оор атлетчи Руслан Нурудинов дүйнөдөгү эң күчтүү спортчулардын бири экенин дагы бир жолу тастыктады.

Тагыраагы, Бахрейнде өткөн оор атлетика боюнча дүйнөлүк чемпиондукта алтын медаль гана албастан, дүйнөлүк рекордду да жаңылаган.

Ал Бахрейндеги Дүйнө чемпиондугуна 105 килограммга чейинки салмакта катышып, 242 килограммды көтөргөн. Буга чейинки рекорд дагы ага таандык болчу. Ал 2021-жылы Ташкенттеги Дүйнө чемпиондугунда 241 килограммды көтөрүп, рекорд койгон.

Ошентип 33 жаштагы спортчу дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду.

Өзбек спортчусу дүйнөлүк рекордду жаңылады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан