Бразилиялык футболчу, италиялык “Милан” футболдук клубунун жарым коргоочусу Рикардо Кака аталган клуб үчүн расмий оюндарда киргизген голдорунун санын 101ге жеткирди. Бул тууралуу европалык басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-январда Италиянын “А” сериясынын 18-турунда “Милан” атаандашы “Аталантаны” 3:0 эсебинде утту. Анда Кака алгач мааракелик 100-голун, анан 101-голун киргизди. Эске салсак, футболчу бул клуб үчүн 266 оюн өткөргөн.