Сириянын мурдагы президенти Башар Асад Дамаскта 8-декабрдын таңына чейин болгон. Анын билдирүүсү өзүнүн кеңсесинин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Билдирүүсүндө Башар Асад ошол эле күнү кечинде Сирия аймагынан чыгып кеткенин кошумчалады.
Экс-президент кошумчалагандай, оппозициянын чабуулу болуп жаткан күндөрү анын отставкага кетүү жана башка өлкөлөрдөн башпаанек суроо ниети болгон эмес.
"Бул окуялардын жүрүшүндө мен бир да жолу кызматтан кетүү же башпаанек издөө жөнүндө ойлонгон эмесмин жана мага эч ким же партия муну сунуштаган эмес. Андан чыгуунун бирден-бир жолу террордук чабуулга каршы күрөштү улантуу болгон”, - деп баса белгилеген Асад.
Башар Асад бийликти “террорчулар” басып алгандан кийин өлкөдө президент бойдон калуу мүмкүн эмес жана маанисиз экенин айтты.
Ал белгилегендей, анын Орусияга эвакуацияланышынын алдында армия кыйрап, мамлекеттик институттар алсыз болуп калган.
Асаддын бул билдирүүсү бүгүн, 16-декабрда Москвадан жазылган.