Франция курама командасы менен 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиону болгон туриндик "Ювентустун" мурдагы жарым коргоочусу Поль Погба Бразилиянын "Коринтианс" клубуна өтүүгө макул болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, бразилиялык клуб франциялык футболчунун алдында каржылык милдеттенмелерди ала турган демөөрчү таба элек. Демөөрчү тапса эле Погба менен келишим түзөт.
Октябрда ФИФА Погбага допингге байланыштуу жаза мөөнөтүн төрт жылдан 18 айга кыскарткан. Январь айында ал команда менен машыгууну уланта алат, ал эми март айынан тарта расмий оюндарга катыша алат. Ага карабастан, "Ювентус" 31 жаштагы футболчу менен келишимди үзгөн.
Эске сала кетсек, "Манчестер Юнайтеддин" жана "Барселонанын" мурдагы футболчусу Мемфис Депай жакында эле дал ушул "Коринтианс" клубуна кошулган.